Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Сокулук районундагы талаштуу жер тилкелерине байланышкан маселелерди бир жыл ичинде карап чыгып, чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал райондун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда Гавриловка айылынын тургуну жер тилкесин документтештирүүдө көйгөйлөр жаралып жатканын айтып, президентке кайрылды.
Тургундун айтымында, ал 30 жылдан ашык убакыттан бери турак жай алуу боюнча жеңилдетилген кезекте турат. Бирок ушул күнгө чейин турак жай маселесин чече элек. Ошондой эле ал II топтогу майыптыгы жана ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар экенин белгиледи.
Мындан тышкары, кызына таандык жер тилкесине байланыштуу талаш жаралганын айтты. Ал белгилегендей, жерге тиешелүү документтерди каттата албай жатышат жана жергиликтүү бийлик органдарына кайрылууларынан азырынча майнап чыккан эмес.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул маселе боюнча буга чейин текшерүүлөр жана жеринде иштеген комиссиялар барганын билдирди. Анын айтымында, талаштуу жер тилкелеринин арасында кылмыш иштери козголгон жана алдамчылык фактылары аныкталган жерлер бар. Атап айтканда, бир жер тилкесин бир нече адамга кайра-кайра сатуу учурлары катталган.
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Сокулук районунда мамлекеттик жана жергиликтүү комиссиялардын алкагында 980 арыз каралганын маалымдады. Ошол эле учурда айрым жер тилкелери кошумча текшерүүнү талап кылат.
Тараптардын пикирин уккан президент талаштуу жер тилкелерин текшерүүнү бир жыл ичинде бүтүрүп, бул маселелерге чекит коюуну тапшырды.
“Эгерде менчик ээси аныкталбаса, мыйзамдуу ээсин аныктап, документтерин каттаткыла. Бул ишти аягына чыгарыш керек. Эл кийинки жылы да ушул эле көйгөйлөр менен кайрылып, соттошуп жүрбөшү керек”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.