Байтик айылына ипотекалык батирлер курулушу мүмкүн

Аймак
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 06.11.26./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушуусунда Байтик айылында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу маселеси көтөрүлдү.

Жергиликтүү тургун Малик Ниязалиевдин айтымында, Байтик айылында жалпы 26 гектар трансформацияланган жер бар.

"Бул жерге 1500 кишиге квота берип, көп кабаттуу үй курууга инвестор дагы даяр. Ушул ишти көзөмөлүңүзгө алып, ишти тездетип берүүнү элдин атынан суранам”,-деди ал.

Президент инвестор жерди алып, элди алдап кетпесин деген кооптонуусун билдирди.

“Кыскасы азыр чогулуштан кийин Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылып, бардык маалыматтарды бериңиз. Биз мамлекеттен өзүбүз салып бергендей бололу”, - деди президент жергиликтүү тургунга.