Президент Шопоков шаарындагы мектептин жерин мыйзамдаштырууну тапшырды

Аймак
Президент Шопоков шаарындагы мектептин жерин мыйзамдаштырууну тапшырды
Президент Шопоков шаарындагы мектептин жерин мыйзамдаштырууну тапшырды
Алдыга
Артка
Президент Шопоков шаарындагы мектептин жерин мыйзамдаштырууну тапшырды
Президент Шопоков шаарындагы мектептин жерин мыйзамдаштырууну тапшырды
Алдыга
Артка

Бишкек, 07.11.26. /Кабар/. Сокулук районунун тургундары менен болгон жолугушууда Шопоков шаарынын тургуну президент Садыр Жапаровго кайрылып, 4 сотых аянттагы жер тилкесинин айланасындагы талаштуу жагдай тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2025-жылы ал жер тилкесин сатып алып, ага жетим балдар үчүн 120 орундуу мектеп курган. Тарбиялануучулар үчүн окуу акысыз жүргүзүлөт.

Ал азыркы тапта билим берүү мекемеси иштеп жатканына карабастан, мэрия жер тилкесин кайтарып алууну көздөп жатканын белгиледи. Учурда мектепте 70-80 бала билим алууда.

“Эгер ал жерге мектеп курган болсо, жер тилкесин ушул кишинин атына мыйзамдаштырып бергиле, ишин уланта берсин. Жер мурунку ээлерине кандайча берилгенин текшерип чыгыңыздар. Эгер бардыгы айтылып жаткандай болсо, документтерин тариздеп бергиле, мектеп өз ишмердүүлүгүн улантсын”, — деди Садыр Жапаров.