Жапаров Путиндин резиденциясына жасалган чабуулга тынчсыздануусун билдирди

Саясат Загрузка... 30 Декабрь 2025 17:40
preview.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы мамлекеттик резиденциясына жасалган чабуул тууралуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, бул Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча учурдагы сүйлөшүү аракеттерине доо кетирет.

ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, 29-декабрга караган түнү Киев Владимир Путиндин Новгороддогу мамрезиденциясына учкучсуз аппараттар менен чабуул жасаган. Мындай окуяга АКШ, Кытай жана башка мамлекеттер тынчсыздануусун билдирген эле.