Кыргызстан менен Россия мамкаржыны башкарууда кызматташтыкты чыңдоодо

Экономика 6 октябрь 2026 19:15
0e39af6b-dbdf-416d-abff-482903820bdb.jpeg
e83ae043-39ea-4d7e-a060-8b74dd1af080.jpeg
5c693e0a-82be-487c-a21f-7d07a1db006f.jpeg
5bc5c4cd-1720-485f-83aa-aa04d5d5bfe3.jpeg
1ca313f9-7d21-4314-93b2-77cf7f6318a0.jpeg
af2ea35e-7a0f-4ca8-8bb6-78f91487127d.jpeg
1391b358-29d7-4dfc-ab58-1db2d37d4ffd.jpeg
53232511-79a1-4cfb-8b5b-f35a1daecab7.jpeg
b8907ebf-69f1-4420-a584-03848ada181f.jpeg
Алдыга
Артка
0e39af6b-dbdf-416d-abff-482903820bdb.jpeg
e83ae043-39ea-4d7e-a060-8b74dd1af080.jpeg
5c693e0a-82be-487c-a21f-7d07a1db006f.jpeg
5bc5c4cd-1720-485f-83aa-aa04d5d5bfe3.jpeg
1ca313f9-7d21-4314-93b2-77cf7f6318a0.jpeg
af2ea35e-7a0f-4ca8-8bb6-78f91487127d.jpeg
1391b358-29d7-4dfc-ab58-1db2d37d4ffd.jpeg
53232511-79a1-4cfb-8b5b-f35a1daecab7.jpeg
b8907ebf-69f1-4420-a584-03848ada181f.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Финансы министрлиги менен Россиянын Финансы министрлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында үч күн бою мамлекеттик каржыны башкаруу жаатындагы адистер үчүн окутуу өткөрүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, программанын алкагында кызматташуунун негизги багыттары аныкталып, аларга мамлекеттик финансылык көзөмөл жана ички аудит, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, бюджеттин кирешелерин болжолдоо, мамлекеттик карызды башкаруу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана бюджеттик саясат маселелери киргизилди.

Үч күндүк окутуунун уландысында КР финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов менен РФ Финансы министрлигинин Илимий-изилдөө каржы институтунун директорунун милдетин аткаруучу Глеб Покатовичтин жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар жаңы программанын артыкчылыктуу багыттарын жана мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Кызматташуунун алкагында Россиянын Финансы министрлигинин НИФИ менен Кыргызстандын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын ортосунда ар кандай курактагы топтор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча 75тен ашык аудиовизуалдык материалды өткөрүп берүү жөнүндө келишимге да кол коюлду.

Үч күндүк окутуунун жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу секторундагы уюмдардын бухгалтердик эсебин жана отчеттуулугун Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (МСФООС) негизинде өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучуларга МСФООСтун жоболорун эске алуу менен даярдалган «Материалдык эмес активдер» аттуу финансылык отчеттуулуктун улуттук стандартынын долбоору тааныштырылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар кесиптик тажрыйба алмашып, мамлекеттик каржыны башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча мындан аркы биргелешкен иштин багыттарын талкуулашты.