Кыргызстан менен Россия биргелешкен укуктук жардам борборун түзөт

Коом
WhatsApp Image 2026-10-19 at 09.59.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 09.59.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 09.59.13.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-19 at 09.59.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 09.59.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-19 at 09.59.13.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантрантова менен жолугушту.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жолугушуу Москва шаарында өттү. Тараптар жарандардын укуктарын коргоодогу негизги маселелерди жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун эң маанилүү маселеси катары биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү демилгеси болду.

Белгилей кетсек, КМШ айдыңында алгачкылардан болуп сунушталып жаткан бул долбоор эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын коргоо жана ыкчам чечүү үчүн бирдиктүү аянтча болууга багытталат.

Борбордун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында тараптар Кыргызстандын жана Россиянын тиешелүү органдарынын катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Жумушчу топ борбордун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктап, ыйгарым укуктарды бөлүштүрүп, жарандардын көйгөйлөрүн чечүүнүн макулдашылган механизмдерин иштеп чыгууга тийиш.

Мындан тышкары алар өз өлкөлөрүндө коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо маселесине да өзгөчө көңүл бурушту.

Жамиля Жаманбаева менен Яна Лантратова мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жарандар үчүн квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоонун туруктуу механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берет.