Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. . Россия Федерациясында кара тумоо оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бардык санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө.
“Санитардык-карантиндик пункттар мамлекеттик чек ара аркылуу өтүп жаткан адамдарга, транспорт каражаттарына жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүп, жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу инфекциялардын өлкө аймагына кирип келишине жана жайылышына жол бербөөгө багытталган профилактикалык иш-чараларды камсыз кылат”,–деп айтылат маалыматта.