Жапаров менен Путиндин катышуусунда кеңири курамда сүйлөшүүлөр өтүүдө

Саясат 958 26 Ноябрь 2025 13:31
WhatsApp_Image_2025_ha6GfJD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.43.43.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.44.11.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2025_ha6GfJD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.43.43.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 13.44.11.jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда кеңири курамда сүйлөшүүлөр өтүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетикалык жана миграция чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелери талкууланууда.

Жыйынтыгында билим берүү, экономика, саламаттык сактоо, миграция, санитардык жана эпидемиологиялык бакубаттык, эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Россиянын почталарынын ортосундагы макулдашууну камтыган документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.