Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Ак-Талаа районунун активи жана жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Маалым болгондой, район аймагында кубаттуулугу 1 МВт болгон, наркы 105 млн сомдук “Тогуз-Булак” чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоору ишке ашырылууда.
Президент белгилегендей, Жаңы-Талап айылындагы Куртка дарыясына курулуп жаткан чакан ГЭС быйыл жыл аягына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.