Жапаров иш баштоону каалагандарга бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратпоону тапшырды

Президент 12 октябрь 2026 11:50
Жапаров иш баштоону каалагандарга бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратпоону тапшырды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров иш баштоону каалаган жарандарга тоскоолдук жаратпоону жана бюрократияны токтотууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Баткен районунун жана шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

“Иштейм дегендерге бут тоспогула, бюрократияны токтоткула”, — деди президент.

Ошондой эле ал документтерди чогултуп алып, бирок ишти баштабай жаткандарга, даяр ресурстарды кайра элге саткандарга жол бербөө керектигин белгиледи.

“Пайдалуу иш кыла тургандарга бергиле. Даяр жаткан суунун ичинен шагыл казып алып, элге сатам деген болбойт”, — деди Жапаров.