Жапаров эки жаштагы кызды дарылатууга жардам көрсөтүүнү тапшырды

Ден соолук
Жапаров эки жаштагы кызды дарылатууга жардам көрсөтүүнү тапшырды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Арпа-Тектир айылынын тургуну президент Садыр Жапаровго эки жаштагы кызынын ден соолугуна байланыштуу жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Аялдын айтымында, кызы эки жашта болгонуна карабастан, өз алдынча отуруп жана баса албайт. Буга чейин үч жолу башына операция жасалып, учурда шунт аппаратын колдонуп келет. Аппараттын программатору Кыргызстанда жок болгондуктан, аны Москвадан алып келишкен.

Ошондой эле ал жолдошу Сахарово борборуна түшкөндөн кийин дайынсыз болуп жатканын билдирди. Учурда кызын Кытайга алып барып дарылатуу зарыл. Бул үчүн каражат чогултуу өнөктүгү да башталган. Эне президенттен кызынын дарылануусуна көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Маселени уккан Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновго тиешелүү жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

“Кабыл алып, колдон келген жардамды көрсөткүлө. Каражат силерде болбосо, бул жакка (бюджетке — ред.) кайрылгыла”, — деди президент.