Жапаров: 2030-жылга чейин турак жайга муктаж ар бир үй-бүлө үй менен камсыз болот

Президент 25 сентябрь 2026 15:40
Жапаров: 2030-жылга чейин турак жайга муктаж ар бир үй-бүлө үй менен камсыз болот
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.09.26. /Кабар/ Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында курулган “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Президент өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Өлкө башчысынын айтымында, азыркы учурда өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, алардын ичинен 100 миңге жакын үй-бүлөнү 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.

Садыр Жапаров мамлекет алдына узак мөөнөттүү милдетти – 2030-жылга чейин Кыргызстандагы турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууну коюп жатканын баса белгиледи.