Миграциядан көңүлү калып, ишкерликке кадам таштаган жигиттердин баяны

Коом Загрузка... 23 Май 2025 15:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мектепти бүтөрү менен эмгек миграциясына кеткен Алидин менен Байэлдин мекенине кайтканына эки айча гана убакыт болду. Алар Кыргызстанга каражат гана таап келбестен, жаңы даамдын рецепттери менен кайтып келишкен. Эки дос Россияда иш издеп жүрүп, япон ашканасына туш болгон. Ал жерге жумушка орношуп, үч жылдай эмгектенген.

Жаш мекендештерибизге бөтөн элдеги миграциянын түйшүгү көкөйүнө көк таштай тийген. Мекенге кайтканга эки көзү төрт болуп тургандары менен, эмне жумуш кылабыз деген суроо аларды дайыма ойго салчу. Мындан улам Алидин менен Байэл өз жерине кайтып ашпозчулук жаатында ишкерлик менен алектенүүнү чечишкен.

Эки дос Россиядан ашпозчулукту мыкты өздөштүрүп, тамактардын рецепттерин изилдөөнү колго алышкан. Мындан тышкары, тапкан каражатты да бейчеки коротпой, ишкердик баштоо үчүн топтошкон.

Ашпозчу Алидин Паязбеков чет жактан топтогон тажрыйбасы Кыргызстанда өз ишин баштоого түрткү болгонун айтат.

"Биз япон менен таиландыктардын ашканасын аралаштырып, ага өзүбүздүн фантазиябызды кошуп эксперимент жасоо менен өзүбүздүн рецебибизди иштеп чыкканбыз. Россияда топтогон тажрыйбабыз менен мекенибизде ишкерликке кадам таштоону чечтик. Кайда жүрбө, канчалык мыкты тажрыйба топтобо бирок, өз өлкөңдө иштегенге эч нерсе жетпейт",-дейт ал.

Көпчүлүккө белгилүү болгондой, борборубуз Бишкекте чакан тез татымдар жүздөп саналат. Бирок Али менен Байэлдин каражатты сарамжал пайдаланып, миграциянын жашоосунан биротоло кетип Кыргызстандын экономикасына салым кошкон ишкер болсок деген чечкиндүү аракетине назарыңызды бургубуз келет.

Алар миграциядагы кыялынын биринчи этабына жете алды.