Жапалактан Манас-Атага чейин: Ошто жапайы кара куурайлар жок кылынды

Аймак 09 Июль 2026 17:35
741215321_1368629942122566_4135058725395552217_n.jpg
740533442_1368629922122568_366664743203232493_n.jpg
741379876_1368629868789240_3244566024930248107_n.jpg
741670453_1368629862122574_889409463657958599_n.jpg
743633203_1368629898789237_831554029621484201_n.jpg
743817261_1368629892122571_6348456328683702868_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Ош шаарында интернет жана социалдык тармактар аркылуу синтетикалык баңгизаттарды жайылтуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу рейддери өттү.

Муниципалитеттен маалыматына караганда, Жапалак, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыктарында жана Манас-Ата кичи районунда жергиликтүү тургундардын, айыл башчылардын жана укук коргоо органдарынын катышуусунда жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынды.

Мэриянын шаардыктарды социалдык тармактардагы шектүү баракчаларга жана "оңой акча табууну" сунуштаган жарыяларга ишенбөөгө чакырат жана синтетикалык баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу жана сатуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Ошондой эле жарандарды баңгизат соодасына байланыштуу шектүү фактылар тууралуу дароо милицияга кабарлоону өтүнөт.

Мэрия жаштарды баңгизаттын зыяндуу таасиринен коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу - ар бир жарандын милдети экенин баса белгиледи.