Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов, ЖМКлардын жетекчилери, журналисттер жана агенттиктин жалпы жамааты катышты.

Саамалыкты агенттиктин директору Медербек Шерметалиев ачып, агенттиктин тарыхына, анын мамлекеттин маалыматтык саясатын жүргүзүүдөгү маанисине токтолуп, жаңыланган имаратта кызматкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Акыркы төрт жыл ичинде өлкөдө жүрүп жаткан жаңылануу жана өнүгүү саясатынын алкагында, өлкө башчысынын тапшырмасы жана жеке колдоосу менен агенттиктин имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мындан тышкары, журналисттердин иш шарттарын жакшыртуу максатында эмеректер жана техникалык базасы жаңыланып, айлык маяналар жогорулатылды. Эскилиги жеткен имараттын жаңыланышы, материалдык-техникалык базанын чыңдалышы жана кызматкерлердин эмгек акысынын жогорулашы агенттиктин чыгармачыл жамаатына зор дем берип, алардын ишке болгон кызыгуусун арттырды. Бул өзгөрүүлөр “Кабар” агенттигинин ишмердигин жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түздү. Мындай колдоо жана шарттар үчүн агенттиктин жалпы жамааты президент Садыр Жапаровго жана президенттин Иш башкармалыгына терең ыраазычылык билдирет”,-деди ал.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “Кабар” агенттигинин жамаатын имараттын жаңылануусу менен куттуктап, бул саамалык улуттук журналистика үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.

“Бүгүн биз баарыбыз “Кабар” агенттигиндеги чоң өзгөрүүгө күбө болуп жатабыз. Көптөн бери көңүл бурулбай, эскилиги жеткен имарат толук капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап техникалык база менен камсыздалды. Бул президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана жеке көзөмөлүнүн негизинде ишке ашкан өзгөрүү. Президенттин саясатынын аркасында улуттук журналистиканын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул аракеттер журналисттердин иш шартын жакшыртып, алардын чыгармачылык менен иштөөсүнө түрткү берет. Ошол эле учурда, шарт жакшыраган сайын, талаптар да жогорулайт. Эми агенттиктин жамааты жаңы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, заман талабына жооп берген иш алып барат деген үмүттөмүн. Жаңы имарат ак жолтой болсун”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен негизделгенден бери алгачкы ирет капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бүгүнкү күндө агенттик дүйнөнүн бир катар ири маалымат агенттиктери менен кызматташып, расмий маалыматты коомчулукка жеткирүүдө негизги платформа катары иш алып барат. Оңдоп-түзөөдөн кийин агенттиктин техникалык базасы жаңыланып, заманбап медиа форматтарда иш алып барууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Маалымат үчүн: Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 1937-жылы “КирТаг” деген аталыш менен негизделген жана Кыргызстандын эң алгачкы маалымат агенттиги.

Бул өлкөнүн ички жана эл аралык маалыматтык саясатын координациялоочу жалгыз мамлекеттик маалымат ресурсу. Агенттиктин жаңылыктары кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланып турат.

“Кабар” агенттигинин милдеттерине Кыргызстандын жана бүткүл Борбор Азиянын коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуялар тууралуу объективдүү маалыматтарды чогултуу жана ыкчам жайылтуу кирет.

Агенттик чет мамлекеттер менен маалыматтык жана башка иш чөйрөлөрдө эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды ишке ашырат. Учурда агенттиктин КМШнын бардык өлкөлөрү, дүйнөнүн бир катар белгилүү маалымат агенттиктери – Синьхуа, CNA (Кытай), Kyodo, YonHap, QNA (Катар) жана башкалар менен маалымат алмашуу боюнча келишимдери бар.

Агенттикте мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин жетекчилери жана өкүлдөрү менен маалымат жыйындары да өткөрүлүп турат.