Жаңы окуу жылында уруксат берилген китептердин тизмеси жарыяланды

Билим 3 август 2026 15:30
Жаңы окуу жылында уруксат берилген китептердин тизмеси жарыяланды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылында Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында колдонууга уруксат берилген окуу китептеринин тизмесин жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, тизмеге окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде пайдаланууга сунушталган окуу китептери киргизилген.

Окуу китептеринин толук тизмеси менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот.