Жаңы гимндин музыкасынын мыкты долбоорун тандоо боюнча жыйын өттү

Маданият 07 Август 2025 10:10
528033608_1057017453256677_6978285733701846448_n.jpg
528083637_1057017403256682_1730079519125859724_n.jpg
528210841_1057017363256686_6721176623102908637_n.jpg
528607294_1057017443256678_2190538634606970523_n.jpg
528632415_1057017409923348_4773641972974710237_n.jpg
528695839_1057017496590006_1104221874956932484_n.jpg
528898051_1057017359923353_4420674766299410951_n.jpg
Алдыга
Артка
528033608_1057017453256677_6978285733701846448_n.jpg
528083637_1057017403256682_1730079519125859724_n.jpg
528210841_1057017363256686_6721176623102908637_n.jpg
528607294_1057017443256678_2190538634606970523_n.jpg
528632415_1057017409923348_4773641972974710237_n.jpg
528695839_1057017496590006_1104221874956932484_n.jpg
528898051_1057017359923353_4420674766299410951_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Күн мурун мамлекеттик катчы – мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Марат Иманкулов композиторлор, обончулар жана музыка ишмерлери менен жолугушту.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө 1-этаптын жыйынтыгы менен тандалып алынган мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин 5 мыкты долбооруна музыкалык чыгарма жаратууга сынак жарыялангандыгы тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле бул сынакка композиторлор, музыканттар, ырчылар, музыкалык чыгармачыл жамааттар, студиялар, союздар жана башка уюмдар – курамы 5 адамдан ашпаган топтор катыша алары белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары өздөрүнүн суроолорун узатып, конкурстун 2-этабына коюлган талаптар жана уюштурууга тиешелүү маселелерди кызуу талкуулашты.

Сынакка катышуу үчүн өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелиши керек:

  • музыкалык чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосунда же хор/оркестр менен вокалдык жана аспаптык аткаруудагы аудио же видеожазуу (USB-флеш-алып жүрүүчүдө);
  • гимн долбоорунун ноталык жазуусу (партитурасы) кагаз жүзүндө;
  • гимн долбоорунун тексти кагаз жүзүндө;
  • ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.

Эске сала кетсек, сынактын 2-этабына катышуу үчүн жарандар долбоорлордун кагаз жүзүндөгү вариантын 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүшү керек: 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.

Ал эми электрондук варианттары төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: gimn.2025@minculture.gov.kg

Сынактын 2-этабы тууралуу жобо жана катышуу үчүн тапшырылуучу документтердин формалары тиркелет.