Бишкек, 08.07.2026 /Кабар/. Ош шаарындагы Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан Чолпон мектебинин аймагында 120 орундуу жаңы бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусу салынды.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Мезгил кутусун салган мэр шаарда жүргүзүлүп жаткан бардык иштердин ичинен эң башкы артыкчылык балдарга берилерин белгиледи.
Анын айтымында, жакын арада балдар автобустары ишке киргизилип, учурда шаарда иштеп жаткан бала бакчаларды оңдоо жана жаңыларын куруу иштери жүрүп жатат.
Эки кабаттуу бала бакчанын жалпы аянты 1 миң чарчы метрди түзөт. Имарат 120 балага ылайыкталып, анда ашкана, актылар залы, медициналык кабинет жана уктоочу бөлмөлөр каралган.
Бул аймакта болжол менен 7 миңдей адам жашаганы менен ушул күнгө чейин бир да бала бакча болгон эмес. Жаңы объект пайдаланууга берилгенден кийин жүздөгөн балдар заманбап шарттагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.