Жанар Жолдошева VI Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль утту

Спорт Загрузка... 10 Ноябрь 2025 11:50
580037648_850195630686989_695715685240061656_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева VI Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 57 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдештин күмүш байгесине ээ болду.

Белгилей кетсек, VI Ислам шериктештиги оюндары Сауд Аравия Падышалыгынын борбору Эр-Рияд шаарында өтүүдө.