Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө өтө турган суудагы "Формула-1" (F1H2O) боюнча дүйнө чемпионатынын этабынын алкагында Кыргызстанга Голливуд актёру Жан-Клод Ван Даммдын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу-мотор спорту федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов Бает айылында өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда уюштуруучулар белгилүү актёрдун келишин күтүп жатышат.

"Учурда жогорку даражалуу коноктордун бири Мадриддеги учакта бара жатат. Биз Жан-Клод Ван Даммды күтүүдөбүз. Белгилүү актёрлорду жана дүйнөгө таанымал адамдарды чакыруу оңой иш эмес, бирок бул багытта иш алып барып жатабыз", - деди Айбек Абылкасымов.
Ошондой эле ал кийинки мелдештерге дагы башка белгилүү конокторду чакыруу пландалып жатканын билдирди.
"Бул спорт түрүнө көптөгөн белгилүү жана жогорку кызматтагы адамдар кызыгышат. Биз алардын Кыргызстанга келишин күтүүдөбүз. Эгер бул жолку этапка жетишпесе, кийинки мелдештердин бирине Криштиану Роналдуну чакырууга аракет кылабыз", - деди федерация башчысы.
Белгилей кетсек, суудагы "Формула-1" боюнча F1H2O дүйнө чемпионатынын этабы Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.