Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетине кошумча 50 бюджеттик орун бөлүндү. Бул тууралуу маалымат бүгүн облустук коллегиянын жыйынында айтылды.
Мындай сунуш облус аймагында медициналык кадрларга болгон муктаждыгын жоюу максатында президенттин облусундагы өкүлү Тилек Текебаев тарабынан демилгеленген.
Учурда бул орундарга облустун бардык район жана шаарларынан абитуриенттер кабыл алынып, 8 орун калган.
Тилек Текебаев белгилегендей, бул кадам аймактагы медициналык кадрлардын жетишсиздигин жоюуга жана саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоого багытталууда.