Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. 1-сентябрдан 2-сентябрга караган түнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жалал-Абад облусундагы №5-батальонунда кызмат өтөгөн ефрейтор нөөмөттө турган катардагы жоокерди ур-токмокко алган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя саат 03:30 чамасында аскер бөлүктүн көзөмөл өткөрүү пунктунда болгон. Ефрейтор Т.у.Н. мас абалында аскер бөлүгүнө эки жолу кайтып келип, ал жакта тоскоолдуксуз кирип чыгып жүргөн. Командирдин орун басары Б.у.У. чатактан кийин гана ефрейторду үйүнө жөнөткөн.
Жабырлануучу 2005-жылы туулган А.А. 2024-жылдын сентябрь айынан бери №5-батальондо кызмат өтөп келет. Анын кесиптештеринин айтымында, жоокер токтоо мүнөзгө ээ болуп, буга чейин эч ким менен чатакташкан эмес.
Кол салган ефрейтор Т.у.Н. 1998-жылы туулган жана 2025-жылдын февраль айынан бери келишимдик негизде кызмат өтөйт. Окуядан кийин экөө тең Базар-Коргон райондук ооруканасынан медициналык кароодон өтүшкөн. Ефрейтордун канынан спирт табылып, жоокерге жеңил жаракат алган деген диагноз коюлган.
Учурда бул факты боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Ошол эле маалда ИИМдин башкы башкармалыгы тарабынан ички кызматтык иликтөө башталган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аскер бөлүктөрүндө тартипти чыңдоо жана аскер кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо максатында "дедовщиналык" көрүнүштөрүнө каршы комплекстүү чараларды көрүүгө чакырды. Бул боюнча тиешелүү кат Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн.