Жамгырдан улам Ошто үйлөрдү жана көчөлөрдү суу каптады

Аймак Загрузка... 10 Июль 2025 18:30

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суулар арыктардан ашып, борбордук көчөлөрдү каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Навои көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн, Чкалов көчөсүндө жайгашкан Ош облустук архивинин имаратынын жана Курманжан датка көчөсүндөгү №1 үй-бүлөлүк бейтапканасынын жертөлөлөрүн суу каптаган. Ошондой эле 3 турак үйдүн ичине суу кирип, 1 үйдүн жер төлөөсүн, 1 үйдүн короо жайын каптаган. 9 адам коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Жерине жалпы 80 куткаруучу тартылып, ыкчам аракеттерди көрүүдө.

ӨКМден белгилешкендей, шаардын айрым көчөлөрүндө арыктар тазаланбай таштандыларга толуп, суу каптаган. Мындан улам жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жаралган.

Учурда ӨКМ куткаруучулары гана арыктарды тазалап, суунун нугун буруу иштерине чыгышты.