Казармандын Нуржайык кичи районунда 173 батир менчикке чыгарылат

Аймак
Казармандын Нуржайык кичи районунда 173 батир менчикке чыгарылат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы Нуржайык кичи районундагы менчиктештирилбей калган 173 батир жеке менчикке өткөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Жолугушууда кичи райондун тургуну 2015-жылы көп кабаттуу үйдөн батир сатып алганын, бирок ушул күнгө чейин менчиктештирилбей келгенин айтты.

Мамлекет башчысы менчиктештирүү боюнча жарлык чыкканын белгилеп, батирлерди жеке менчикке өткөрүүгө уруксат берилгенин билдирди. Анын айтымында, учурда 173 батир боюнча маселе каралып, алар учурда менчик ээлерине өткөрүп берүү алдында турат.

Ошондой эле президент документтерди юридикалык жактан тактап, менчик укугун бекемдеп алуу зарылдыгын белгиледи. Анткени 2030-жылы жол ачылып, логистикалык борбор курулгандан кийин бул аймакка байланыштуу талаш-тартыштар жаралышы мүмкүн.

Жыйынтыгында Нуржайык кичи районундагы 173 батирдин документтери такталып, президенттин жарлыгынын негизинде менчик ээлерине өткөрүп берилмекчи.