Садыр Жапаров: Туристтик жай ачкандарга шарт түзүлсүн

Аймак
Садыр Жапаров: Туристтик жай ачкандарга шарт түзүлсүн
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургун балык өстүргөндүктөн, чакан бизнес ачуу максатында айыл өкмөткө жер сурап кайрылганын, бирок мыйзамга туура келбейт деген жүйө менен маселе дале чечилбей келе жатканын айтты.

Аталган кайрылууга жооп берген президент Садыр Жапаров туризмди өнүктүрүү максатында ишкерликке кадам таштагандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

“Жеңил конструкция менен эс алуу жайын курам десе, белгиленген тилкеден ашырбай жер тилкесин бөлүүнү карап бергиле. Туристтерди тосконго шарт түзүү керек”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.