Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Тогуз-Торо районундагы тургундардын үлүш жерлерине байланыштуу маселелерди чечип, жерлерди мыйзамдуу ээлерине кайтарып берүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы район тургундары менен жолугушууда акимге жана мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнө айтты.
Жолугушууда райондун тургуну 3 гектардан ашык үлүш жерин тогуз жылдан бери ала албай келе жатканын билдирди.
Президент айрым учурларда мурда айыл өкмөттөрү менен акимдер бир эле жер тилкесин бир нече адамга сатып жиберген учурлар болгонун белгиледи.
“Мындай маселелерди чечип, үлүш жерлерди ээлерине кайтарып, жеке менчигине өткөрүп бергиле. Бул жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелер”, — деди Садыр Жапаров.