Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Ак-Суу районунда машина-трактордук станция (МТС) түзүлүп, ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул демилге айыл чарба тармагын модернизациялоого, дыйкандарга жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган.
Долбоорду ишке ашырууга президенттин фондунан 108 млн сом бөлүнгөн. МТС үчүн Ак-Суу айылындагы мурунку "Сельэнерго" ишканасынын базасы өткөрүлүп берилди.
Станцияга 60тан ашык айыл чарба техникасын алуу пландалып, учурда 32си жеткирилди. Техникалар Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун дыйкандарына кызмат көрсөтөт.
"МТС жер иштетүүдөн тартып түшүм жыйноого чейинки бардык агротехникалык иштерди механизациялаштырат. Өзгөчө картошка өстүрүүгө басым жасалып, 10 картошка казуучу комбайн алынган", - деп айтылат маалыматта.