Бишкек 29.05.25 /Кабар/. Бишкек шаарында өтүп жаткан VIII Бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалынын алкагында бүгүн саат 20:00дө Т. Усубалиев атындагы аянтта эпос айтуучулар жана фольклор жанрындагы аткаруучулардын катышуусунда концерт өтөт. Катышуучулардын арасында эквадорлук белгилүү пан-флейтачы Лео Рохас да өз өнөрүн тартуулайт.
Ал фестивалга катышуу үчүн Бишкек шаарына учуп келгендигин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалымат үчүн: Лео Рохас коомчулукка “Жалгыз чабан” мелодиясы менен таанымал. Ал Эквадордун Отавало шаарчасында төрөлүп, 2000-жылдары Испанияга көчүп барган. Учурда Германиянын Берлин шаарында жашайт. Пан-флейтачы 2017-жылы өткөн IV Бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалында дагы Кыргызстанга келип кеткен.