Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 8 жаңы унаанын ачкычы тапшырылды.
Ишканадан билдиришкендей, унааларды "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков тапшырды.
Chevrolet - Cobalt үлгүсүндөгү 5 даана кызматтык унаа төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
- Жалал-Абад РЭТине;
- Ноокен РЭТине;
- Ала-Бука РЭТине;
- Сузак РЭТине;
- Көк-Арт РЭТине;
JAC - T8 үлгүдөгү 2 бригадалык автоунаа:
- Кара - Көл РЭТине;
- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын механизация жана автоунаа кызматына;
- ISUZU - NPR 75L - К үлгүсүндөгү бригадалык автоунаа Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын механизация жана автоунаа кызматына тапшырылды.
Алтынбек Рысбеков өз сөзүндө керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого, оңдоо иштерин ыкчам, сапаттуу аткаруу менен бирге алган техникаларга аяр мамиле кылууга чакырды.
Бул техникалар "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан сатып алынган 54 техниканын алкагында бөлүнүп берилди.
Эске сала кетсек, 29-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "КУЭТ" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбековдун катышуусунда энергетика тармагына жаңы 54 даана техниканы тапшырылган.