Жалал-Абадды туристтер үчүн жагымдуу аймакка айлантууга кадам ташталды – облус башчы

Аймак Загрузка... 13 Февраль 2025 18:27
b54a8f13b3119e146d49f5ac908ff989842a7dbfeb9a6e4491ab55e85d236fdb.jpg
copyright icon www

Бишкек, 13.02.25. / Кабар/. Жалал-Абадды туристтер үчүн жагымдуу аймакка айлантууга кадам ташталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, облустун аймагында туризмдин дараметин жогорулатуу жана чет элдик туристтердин санын көбөйтүү максатында президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан 2025-жылдын 30-январындагы №19-буйругу менен иш-чаралар планы бекитилип, аткарууга алынган.

“Чаткал району Жалал-Абад облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү чоӊ аймактардын бири болгондуктан, 11-февралда “Кышкы оюндар” фестивалы уюштурулуп, туристтер үчүн 50 орундуу 5 глэмпинг конок үйлөрү жеӊил конструкциядан курулуп, туристтер үчүн жагымдуу аймакка айлантуу боюнча негизги кадам ташталды”,-деди ал.

Облус башчысы белгилегендей, 2025-жылда Чаткал районунда Ак-Таш айылынын Беш-Салаа участкасына тоо лыжа базасын куруу үчүн мастер план иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Ошондой эле Аксы районунда туристтик локацияларды иштеп чыгуу максатында туристтик жайларга изилдөө иштерин жүргүзүүгө, “Балтыркан-2025” Аксы жашыл өрөөнү аталышындагы туристтик фестивалын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.

Ал эми, “Жалал-Абад-Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору” деп жарыялангандыгын даңазалоо үчүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кино күнүн белгилөө, Базар-Коргон районунда “Жангак Фест” , Токтогул районунда “Эс алуу-2025”, “Бал” туристтик фестивалдарын өткөрүү мерчемделүүдө.

“Муну менен бирге туристтерге ыӊгайлуу шарттарды түзүү үчүн Базар-Коргон районундагы Арстанбап-Ата айыл аймагында 6 чакан туристтик эс алуу жайларын, Аксы районунда 5 чакан глэмпинг конок үйлөрүн, Чаткал районундагы “Ыдырыс Ата” тарыхый-маданий зыярат кылуу жайына 5 даана жана Коргон-Сай айылына 3 даана А-фрейм тибиндеги конок үйлөрү, Жалал-Абад санаториясына 2 даана А-фрейм тибиндеги жеӊил жатак үйлөрдүн имараттарын куруу жана ачык асман астында минералдык дарылануучу бассейн куруу боюнча иш аракеттер жүрүүдө. Тогуз-Торо районунда “Саймалуу-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркына замандын талабына ылайык виртуалдуу 3D форматында петроглифтерди көрүүнү уюштуруу мерчемделген. Туристтик жайлардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча да бир топ иштер жасалып жатканын белгилеп кетким келет. Туристтерге тейлөө кызматынын сапатын жакшыртуу максатында кесиптик билим берүү лицейлеринде тийиштүү тейлөө-кызматкерлерин 72 сааттык кыска мөөнөттүү курстарды 2025-жылдын март айынан баштап ачып, окутулуп даярдалат.”,-деди ал