Жалал-Абаддагы "Жеңиш" паркында эски аттракциондор буздурулат

Аймак 20 май 2025 16:40
7846_3560 (1).webp
7854_3560.webp
7852_3560.webp
7850_3560.webp
7849_3560.webp
7848_3560.webp
7847_3560.webp
7845_3560.webp
Алдыга
Артка
7846_3560 (1).webp
7854_3560.webp
7852_3560.webp
7850_3560.webp
7849_3560.webp
7848_3560.webp
7847_3560.webp
7845_3560.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков "Жеңиш" эс алуу багын тиешелүү жетекчилер менен биргеликте кыдырып, аталган парктагы ижарачылар менен жеринде жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы аталган парктагы аттракциондор 1980-1990-жылдары чыгарылгандыгын айтып, дээрлик баары талапка жооп бербей тургандыгын, коопсуздук эрежелери сакталбагандыгын белгилеп, бул боюнча тиешелүү мекемелердин чечими да бар экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары, парктагы соода күркөлөрүндө санитардык нормалар да сакталбаганын белгилеп, аттракциондорду жана соода күркөлөрүн буздуруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, аталган парктагы ижарачыларга башка парктарда заманбап, жаңы аттракциондорду орнотууга уруксат берилет. Ал эми "Жеңиш" паркы Мамлекеттик жеке өнөктөштүк менен ишкерлер тарабынан 2,5 млн долларга толугу менен жаңыланып, ушул жылы эгемендүүлүк майрамында кайрадан пайдаланууга берилет.