Жалал-Абаддагы Эне жана баланы коргоо борборуна 30 унаа берилди

Аймак 11 октябрь 2025 19:29
1.jpg
22.jpg
557701152_1656975251928143_7000686445513895353_n.jpg
557991191_1656975218594813_6400370645619895450_n.jpg
557991195_1656975275261474_7103581004063085150_n.jpg
558164368_1656975348594800_3323378133898572553_n.jpg
558225061_1656975391928129_7943886451239241238_n.jpg
558262546_1656975281928140_7812696498975118395_n.jpg
558969672_1656975318594803_5804388377518409209_n.jpg
560368841_1656975245261477_3074238715696628295_n.jpg
561414904_1656975421928126_7182201717308434538_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлерине 30 кызматтык унаа тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарада Камчыбек Ташиев медицина кызматкерлеринин коомдогу өзгөчө ордуна токтолуп, алардын эмгеги ар дайым урматтоого жана колдоого татыктуу экенин белгиледи. Ал автоунаалар демөөрчүлөрдүн жардамы менен алынганын да кошумчалады.

Борбордун кызматкерлери бул колдоону ыраазычылык менен кабыл алып, мамлекеттин жана жетекчиликтин мындай камкордугу аларга ишеним берип, кызматка болгон жоопкерчиликти күчөтөрүн айтышты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө президенттин тапшырмасына ылайык, медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселеси да мамлекеттик көзөмөлдө экенин белгиледи. Дарыгерлерге Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу мыйзам чегинде үй алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн эске салды.

Эске сала кетсек, буга чейин, 31-августта Камчыбек Ташиев аталган борборго келип, медицина кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн убада кылган жана бейтаптардан акча талап кылбоо тууралуу катуу эскертүү берген болчу.