Жалал-Абадда “Улуу мурас каада-салттар” сынагы өттү

Маданият Загрузка... 30 Август 2025 18:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата, Жалал-Абад шаарында кароо сынактар уланып жатат.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, алардын катарында “Улуу мурас каада-салттар” сынагы орун алган.

Анда кыргыз элинин жуучу түшүү, сөйкө салуу, келин алуу, балага азан чакырып ат коюу, баланы бешикке бөлөө, конок тосуу ж.б. жөрөлгөлөрү көрсөтүлдү.

Аталган сынак каада-салттын мазмуну,

шайкештиги, улуттук кийимдердин жана буюм- тайымдардын колдонулушу, ырым-жырымдын колдонулушу критерийлери менен бааланат.

Бул сынактар улуттук духту көтөрүү, жаш муунга тарыхый мурасты таанытуу жана региондор ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталып уюштурулду.