Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Энергетика министринин орун басары Салават Садыракунов Жалал-Абад облусундагы стратегиялык мааниге ээ ири гидроэнергетикалык объектилердин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын алкагында Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон, Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин өндүрүштүк-техникалык абалы текшерилди.
Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги гидроагрегаттарды жаңылоо иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул станциялардын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүгө жол ачат.
Ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСинде экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү боюнча курулуш жана монтаждоо иштеринин темпи текшерилди. Ал эми өлкөнүн энергетикалык келечеги болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинде даярдык этабындагы курулуш объектилери каралды.
Мындан тышкары, министрдин орун басары ГЭСтердин эмгек жамааттары менен ачык форматта жолугушуп, жумуш шарттары жана тармактагы көйгөйлөр тууралуу пикир алышты.
Жыйынтыгында Салават Садыракунов бардык пландалган оңдоо жана курулуш иштерин өз мөөнөтүндө, сапаттуу аткаруу боюнча ишкана жетекчилерине так тапшырмаларды берди.