Жалал-Абадда жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлар такталууда

Кырсык 06 Август 2025 09:40
528036725_1157979463041445_5939827868902648914_n.jpg
527725017_1157979509708107_5493440143954314846_n.jpg
527766149_1157979339708124_484111302063916102_n.jpg
528655528_1157979413041450_2687494738364569029_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Жалал-Абаддагы жер титирөөдөн жабыркагандар боюнча тактоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Базар-Коргондо 2 турак үйдүн, Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагындагы №32 орто мектебинин спорт залынын дубалдарынан жаракалар пайда болгону такталды.

Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

Белгилей кетсек, күн мурун саат 19:44тө аталган облуста күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.