Бишкек, 05.08.25 /Кабар/. Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, жердин силкинүүсү бүгүн саат 19:44тө орун алып, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Жай-Терек, Сары-Базар айылдарында 5,5 балл, Майлуу-Суу шаарында 5 балл, Жалал-Абад шаарында 4 балл, Токтогул шаарында 3,5 баллга чейин сезилди.
Ал эми Бишкек шаарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.