Бишкекте тез татым жайынан өрт чыкты

Кырсык 25 сентябрь 2026 11:15
Бишкекте тез татым жайынан өрт чыкты
copyright icon WWW

Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын 12-кичи районунда жайгашкан тез татым жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 03:22де бир күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 04:36да толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар тууралуу маалыматтар такталууда.