Жалал-Абадда жер силкинди

Кырсык 1 октябрь 2026 15:40
Жалал-Абадда жер силкинди
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Бүгүн саат 14:17де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кызыл-Үңкүр айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Жаз-Кечүү айылынан түндүк-батышка карай 9 чакырым жана Манас шаарынан түндүк-чыгышка карай 55 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 4,5 баллга чейин жеткен.

Жердин силкинүүсү Кызыл-Үңкүр, Жаз-Кечүү жана Косо-Терек айылдарында 4 балл, Арсланбоб, Гүмкан, Чарбак, Каду, Сай жана Кара-Алма айылдарында 3,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.