Сузакта жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак 28 ноябрь 2025 11:24
592043874_1354914636107582_5622220455688645506_n.jpg
589256310_1354914686107577_2018059546837639011_n.jpg
589490800_1354914672774245_3325378058431490476_n.jpg
589962778_1354914642774248_1872690024254380066_n.jpg
592236979_1354914662774246_2915175508985767624_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак айылында №1 М.Фрунзе мектебинин курулушу башталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 184 млн сомду түздү.

Башкы план боюнча, объекттин жалпы аянты 2 944 чарчы метрди түзгөн, эки кабаттуу имараттан турат. Мектепте негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, кыздар, балдар үчүн эмгек класстар, актовый жана спорт залдары заманбап шарттары менен каралат.

Курулуш-монтаждоо иштери Турак жай жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө, учурда пайдубалы куюлду.