Жалал-Абадда жакында жаңы эл аралык аэропорттун курулушу башталат. Долбоору

Аймак 10 май 2025 11:00
495494913_1017798013863320_3994666880866362191_n.jpg
495426970_1017798003863321_8437299328768997227_n.jpg
495126954_1017797967196658_497406016978067033_n.jpg
Алдыга
Артка
495494913_1017798013863320_3994666880866362191_n.jpg
495426970_1017798003863321_8437299328768997227_n.jpg
495126954_1017797967196658_497406016978067033_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызстан аэропорттору

Бишкек, 10.05.25 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жакында жаңы эл аралык Жалал-Абад аэропортунун курулушу башталат.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз катчысы Алена Хоменконун маалыматына ылайык, жалпы аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчүлөр терминалы 381 гектар аянтка курулат.

Аэропорт саатына 350 жүргүнчүнү өткөрүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, комфорттун жана тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылат.

Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берет. 3800 метрлик учуп-конуу тилкеси, эки буруучу жолчо жана алты аба кемесин токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга шарт түзөт.

Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет жана Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат. Ошондой эле, ИЛ-76, Airbus A330, Boeing 767-300 жана башка жүк ташуучу аба кемелерди сатып алуу пландалууда.

"Жалал-Абад шаарында эл аралык аэропорт куруу долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан аныкталып, Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жасалган маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.