Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда жер алдындагы өтмөк курулат

Аймак
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 68-чакырымында жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктүн курулушу башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, өтмөк "Токмок-автожол" (Дунларов атындагы) өткөрмө пунктунун аймагында курулууда.

Бул тилкеде унаалардын ылдамдыгы жогору болгондуктан, жолдон өтүү жөө жүргүнчүлөр үчүн кооптуу болуп келген. Жаңы өтмөк жол кырсыктарынын алдын алууга, адамдардын коопсуздугун камсыздоого жана унаа кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүнө багытталган.

Курулуш иштерин 15-ноябрда баштап, 15-декабрга чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоор министрликтин каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Курулуш учурунда айдоочулардан жана жөө жүргүнчүлөрдөн жол белгилерин жана коопсуздук талаптарын сактоо суралат.