Жер алдындагы жаңы шаар. Бишкекте уникалдуу долбоор ишке ашырылууда

Коом Загрузка... 16 Май 2025 09:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө заманбап жер өтмөгүн куруу долбоору старт алды. Долбоордун башкы максаты - транспорт агымын жеңилдетүү, кошумча жумуш орундарын түзүү жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат. Долбоорду Бишкек мэриясы көзөмөлдөп, ал эми курулуш иштерин жеке менчик компаниялар ишке ашырат.

Март айынын башында Бишкек мэриясы Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жер өтмөгүн куруу долбоору башталып жаткандыгын жарыялаган. Мындан улам 9-май күнү проспектинин жогоруда аталган бөлүгү толугу менен жабылып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Бишкек мэриясынын берген маалыматына ылайык, өтмөк заманбап стилде курулуп, 1-кабатка 220 унаа бата турган 8600 чарчы метр унаа токтотуучу жай, 2-кабатка соода-сатык, социалдык жана сервистик объектилер жайгаштырылып, эскалаторлор, лифттер салынып, майыптыгы бар жарандар үчүн шарттар түзүлөт. Курулуш иштерине 1,5-2 жылдай убакыт кетет.

Шаар башчысынын орун басары Жамалбек Ырсалиев калаа тургундары жана анын конокторунан келтирилип жаткан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим суроо менен, “Бул долбоор тыгын жана унаа токтотуу маселесин жеңилдете турган алгачкы ири долбоор болуп саналат. Учурда муниципалдык кызматтар тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Борбордун так ортосунда болуп жаткандыгы үчүн жарандар үчүн ыңгайсыздык жаралууда. 6-8 айдын ичинде жолдор кайрадан ачылат”, – деп билдирди.

Курулуштун бюджети 2 млрд сом жана долбоорду аукциондон утуп алган «Ташболот Холдинг» жана «Олд Бишкек» ЖЧКлары жеке инвестициялардын эсебинен жүзөгө ашырат. Ошондой эле мэрия тарабынан аталган объекти жогорудагы эки компанияга 49 жылга ижарага берилет.

Долбоордун жетекчиси Нариман Түлеевдин айтуусу боюнча аталган комплекс борборго келген конокторду алып бара турган көрктүү жай болот.

“Тарыхый долбоорду ишке ашыруунун алдында турабыз. Бул жөн гана өтмөк эмес, жер алдындагы тарыхый эски шаар болот. Негизи дүйнө жүзүндө жер алдындагы шаарлар сейрек кездешет. Бул жерге кыргыз элинин байыркы тарыхы, маданияты камтылат”.

Өтмөктүн узундугу 350 метр, туурасы 60-80-метр, ал эми тереңдиги 6-8  метрге чейин деп белгиленет. Ошондой эле бул жер өтмөгү менен ГУМ жана ЦУМ соода борборлоруна кирип кетүүгө болот.

“Өтмөктүн үстүнөн унаалар гана өтүп, адамдар жер асты менен жүрөт. Муну менен бирге өтмөктүн үстү дагы өзүнчө көрктөндүрүлөт. Гүлдөр, бак-дарактар отургузулуп, бул жер Бишкектин эң бир көрктүү жерине айланат.

Бул уникалдуу долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү – жер алдындагы жаркыраган шаар 24 саат иш алып барат. Мунун негизинде ишкерлер күнү-түнү иштеп, жарандар дагы кайсы убакта болбосун убакыт өткөрүп, тейлөө кызматтарынан пайдалана алышат. Долбоордун дагы бир пайдасы – 750 миң киши жумуш орду менен камсыз болуп, жеке менчик ишканалардын салыгынын эсебинен эле 250 млн сом салык түшөт. Андан сырткары биз өзүбүз 10 млн сомдук салык төлөй алабыз”, - дейт долбоордун жетекчиси.