Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөктүн курулушуна даярдык иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Маалыматта белгиленгендей, бүгүнтөн тартып жолдун аталган бөлүгү транспорт үчүн жарым-жартылай жабылат.
Ал эми Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган ири иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштери үчүн толугу менен жабылат. Чүй проспектисинин бул бөлүгү транспорт кыймылы үчүн 6-8 айга чейин жабык болот.
Белгилей кетсек, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалаторлор, заманбап лифттер, сервистик объектилер, ошондой эле 220дан ашык унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жайды камтыган ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылат.
Долбоор "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" ЖЧКларынын жеке инвестицияларынын эсебинен жүзөгө ашат. Курулуштун жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөт.