Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 81 миллион сомду түзөт.
Архитектуралык долбоорго ылайык, жаңы бала бакча заманбап үлгүдө курулуп, балдар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Имаратта азык-түлүк сактоочу кампа, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, балдардын уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, тарбиялык саат өтүүчү бөлмө жана кабылдама жайгашат.
Мындан тышкары, балдардын коопсуздугун эске алуу менен сырткы оюн аянтчасы уюштурулат. Объекттин жалпы аянты 1074 чарчы метрди түзөт.
Бала бакчанын курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Бүгүнкү күндө имараттын чатыры жабылып, сырткы шыбак жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.