Жалал-Абадда томолой жетим балдар батир жана жер тилкеге ээ болду

Аймак 4 апрель 2025 16:16
Жалал-Абадда томолой жетим балдар батир жана жер тилкеге ээ болду

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Жалал-Абадда прокурордук актылардын негизинде томолой жетим балдар батир жана жер тилкеге ээ болушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 4 томолой жетим бала турак жай менен камсыз болбогондугу аныкталган.

Келтирилген прокурордук чара көрүү актыларынын натыйжасында Майлуу-Суу шаарынан 2 балага батир, Токтогул районунан 1 балага жана Тогуз-Торо районунан 1 балага жер тилкелери бөлүнүп берилди.