Жалал-Абадда ТМУнун эл аралык туристтик форуму өтүүдө

Экономика Загрузка... 16 Сентябрь 2025 11:47
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. 15-сентябрда Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) эл аралык туристтик форуму башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулуп, туризмди өнүктүрүү, түрк өлкөлөрүнүн туристтик потенциалын илгерилетүү жана тажрыйба алмашууга арналды.

Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын мамлекеттик органдарынын, туристтик бизнесинин, эл аралык уюмдарынын жана эксперттик чөйрөлөрүнүн 150дөн ашуун өкүлдөрү катышты.

Анда ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, экономика министринин орун басары Медер Туманов, президенттин өкүлү Тилек Текебаев жана башкалар сөз сүйлөшүп, форумдун түрк дүйнөсүнүн туризм тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүүдөгү маанилүүлүгүн белгилешти.

Медер Туманов туризм түрк тилдүү элдердин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөнүн маанилүү фактору экенин белгилеп, Кыргызстан 2025-2030-жылдарга арналган Туруктуу туризмди өнүктүрүү программасын ырааттуу ишке ашырып жатканын айтты.

"Бул программа туризмдин ИДПдагы үлүшүн 7 пайызга жеткирүүнү, өлкөнүн дүйнөлүк атаандаштык рейтингинин алдыңкы 50 өлкөсүнө кирүүсүн жана туристтердин агымын жыл сайын 10 пайызга көбөйтүүнү камтыйт. Биз туризмди жөн гана экономикалык тармак катары эмес, түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсү катары карайбыз. Программанын ишке ашырылышы Кыргызстанды дүйнөнүн ар тарабынан келген туристтер үчүн жагымдуу борборго айландырууга багытталган", – деди Туманов.

Пленардык жана секциялык жыйындарда туруктуу туризм жана "жашыл экономика", түрк мамлекеттеринин бирдиктүү туристтик мейкиндигин түзүү, жаңы туристтик продуктуларды иштеп чыгуу, укмуштуу окуялуу туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймакта туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүдөгү медианын ролу сыяктуу маселелер талкууланды.

Биринчи күндүн жыйынтыгында форумдун катышуучулары туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын тастыктап, туруктуу өнүгүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана Кыргызстанды түрк дүйнөсүндөгү негизги туристтик багыт катары таанышты.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тарап катышуучуларды 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.