Жалал-Абадда тиешелүү уруксаты жок иштеп жаткан 20 медресе аныкталды

Укук тартиби 19 Май 2026 21:00
aed59c42-be32-4655-ad73-3b6c4e2bbcf7.jpeg
eb7cb8c3-4e52-4cfb-99db-29696a3acd97.jpeg
3b22f8c5-8e3f-4711-af4a-e6af84071a61.jpeg
4e714f6d-2f1d-432c-a973-b1f54a2f9b29.jpeg
1f37ed8a-26aa-4d41-9a0f-4d99af73d986.jpeg
bed31807-e488-4791-ae64-7051fafbbd3d.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында диний окуу жайлардын мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймакта жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө диний билим берүү мекемелеринин (медреселердин) мыйзамсыз иш жүргүзүү фактылары такталган.

Белгилүү болгондой, бул диний окуу борборлору өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен узак убакыттан бери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз билим берип келишкен.

Сузак районунун аймагындагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, расмий каттоосу жок иштеп жаткан 20 медресенин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Учурда бул фактылар боюнча иштин бардык жагдайларын тактоого, ошондой эле тиешеси бар адамдарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“УКМК улуттук коопсуздук чөйрөсүндө туруктуулукту колдоого жана мыйзамсыз ишмердүүлүктү алдын алууга багытталган иштерин улантууда”,–деп айтылат билдирүүдө.