Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Ош шаардык соту акча алмаштыруу жайынын ээси Назирбек Турдубаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин карап чыгып, өкүм чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, анын мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.
Белгиленгендей, соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.