Жалал-Абадда тез жардам кызматынын ишине санариптик чечимдер киргизилди

Аймак Загрузка... 25 Июль 2025 10:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Күн мурун Жалал-Абад шаарында жакшыртылган санариптик тез жардам кызматынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Саламаттык сактоо министрлигинин Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Германиянын Экономикалык кызматташтык жана Өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) менен өнөктөштүктө Медициналык тез жардамды санариптештирүү долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп калды.

Жаңы диспетчердик борбор Жалал-Абад шаары менен Сузак районун тейлейт, жана калктын камтуусун кеңейтип, аймактагы тез медициналык жардамга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздайт.

Тез медициналык жардам көрсөтүү системасына санариптик чечимдерди киргизүү Жалал-Абад облусунун, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундарына тез медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун негизги максаты – шашылыш медициналык жардам процесстерин модернизациялоо, чакырууларды кароо убактысын кыскартуу жана медициналык бригадалардын натыйжалуу координациясын камсыз кылуу.

Долбоордун алкагында Жалал-Абад шаарында реалдуу убакыт режиминде чалууларга жана тез жардамдын кыймылына көз салууга мүмкүндүк берүүчү заманбап санариптик диспетчердик система орнотулду. Жаңы диспетчердик пункт керектүү жабдуулар – компьютерлер, мобилдик аппараттар жана үзгүлтүксүз кубаттоо жабдуулары менен толук жабдылган.

Кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Медицина кызматкерлери жана диспетчерлер чыныгы турмуштук кырдаалдарды туураган симуляцияларды колдонуу менен жумуш ордунда окуудан өтүшүүдө. Долбоордун келечекте узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу үчүн окуу материалдары жана онлайн модулдары да иштелип чыккан.

Ишке киргизилген система келип түшкөн чалуулардын ылдамдыгын жана тактыгын олуттуу жогорулатат, кызматкерлердин түйшүгүн азайтат, ар кандай медициналык мекемелердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртат. Жалал-Абад облусунун калкы эми координацияланган жана сапаттуу тез медициналык жардам ала алышат.

Долбоор саламаттык сактоону санариптештирүү чөйрөсүндөгү улуттук артыкчылыктарга шайкеш келет жана Туруктуу өнүгүүнүн №3 – “Чың ден соолук жана бакубат жашоо” максатына жетүүгө өбөлгө түзөт. Ал ошондой эле өлкөнүн башка аймактарына санариптик чечимдерди андан ары кеңейтүү, Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунун туруктуулугун жана натыйжалуулугун күчөтүү үчүн үлгү болуп саналат.

Жалал-Абад шаарында санариптик диспетчердик бөлмөнүн ачылышы Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөттөрүнүн тыгыз кызматташтыгынын натыйжасы болуп, саламаттык сактоо жана өнүктүрүү жаатындагы эл аралык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн тастыктайт.