Манастагы спорт мектебин оңдоодо 7,2 млн сом уурдалганы аныкталды

Аймак Загрузка... 23 Май 2026 14:15
whatsapp_image_2024-12-23_at_09_25_07.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупция фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн текшерүүдө Регионалдык олимпиадалык резерв мектебинде оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү жана кошумча инфраструктураларды куруу учурунда мамлекетке 7 млн 288 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталды.

Билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери подряддык уюмдар менен сүйлөшүп алып, мектептин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Президенттик фонддон бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн кымырып алышкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чараларынын алкагында техникалык көзөмөл боюнча адис К.К.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.